20:27
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

2023-жылдын тогуз айында Россиядан 1 миң 900 кыргызстандык депортацияланды

2023-жылдын тогуз айында Россиядан 1 миң 900 кыргызстандык депортацияланган. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кубандык Акматбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы 2 миң 200 кыргыз жараны Россиядан депортацияланган. Ал кыргызстандыктардын өлкөдөн чыгарылышына соттун миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы тууралуу чечими негиз болгонун белгиледи.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал-2023» операциясынын алкагында 96 миң миграциялык мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 15 миң чет элдиктер Россиядан чыгарылганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума