20:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Атайын кызмат Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жайды тапты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен кылмыштуу топтун ишмердигин аныктап, бөгөт койгонун билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, чындыгында ал жерде чет өлкөлүк жарандар үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды. Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке чакырып, бирок түрдүү шылтоолор — коркутуу, шантаж жана акчага азгырып, сойкулукка тартууга аракет кылышкан.


Салонду текшерүү учурунда ал жерде 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жаран болгон. Маалыматка ылайык, кыздардын арасында жашы жете электер да бардыгы аныкталган. Алар бул ишке кантип тартылганы боюнча текшерүү жүрүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси («Сойкулук кылууга тартуу») боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде салондун уюштуруучулары «Б. Б.», «М. К.» жана «Н. Ч.» аттуу жарандар кармалган. Үчөө тең УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Коопсуздук кызматы учурда бул жайды уюштурууга жана иштетүүгө тиешеси бар, аны коргоого алган башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

УКМК 3-ноябрда Бишкекте сойкулукту уюштурууга жана колдоого байланыштуу шаардык милициянын, Свердлов милициясынын кызматкерлерин жана Пакистандын жаранын кармаган. Үчөө тең атайын кызматтын тергөө абагына камалганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума