15:57
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бүгүн борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

Бүгүн борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» мекемесинен билдиришти.

Маалымат боюнча, бул «Запад-2» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу.

Саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү аймактарда муздак суу болбойт:

  • Ала-Арча дарыясы, темир жол, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек-Жолу проспектиси менен чектелген аймакта;
  • Жаш Гвардия бульвары, темир жол, Манас проспектиси жана Фрунзе көчөсү аймагында;
  • Ала-Арча дарыясы, Чүй жана Дэн Сяопин проспектилеринде, Осташковская, Димитров, Москва жана Асаналиев көчөлөрүндө;

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума