16:39
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыкка чалдыккандар үчүн кошумча бөлүм ачылат

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бүгүн кызамык менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачуу пландалууда. Бул туралуу 24.kg агенттигине оорукананын башка дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканада кызамык менен ооруган 78 бейтап дарыланып жатат, дагы 17 адамдын аталган илдетке чалдыкканы тактала элек.

«Диагнозу аныкталбаган бейтаптарды да бөлүп жатабыз, алар өзүнчө жатышат, ошондуктан көп палаталарды ээлешет», — деди Гүлжигит Аалиев.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кызамык менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал катаалдашканын билдирген. Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3,3 миңге жакын адам кызамык менен ооруп, алдарын көпчүлүгүн төрт жашка чейинки балдар түзгөн. Эң көп Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында катталган.

Тогуз айдан жети жашка чейинки балдар арасында кызамык жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы уланууда.

Дарыгерлер ата-энелерди балдарын өз убагында эмдөөгө чакырышат. Бул балдар жамааттарында эпидемиянын алдын алууга жана чоңдорго жугуу коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар