16:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Амантур Жумаев бокс боюнча Азиянын чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Амантур Жумаев Астанада өтүп жаткан  бокс боюнча Азия чемпионатында алтын медаль алды. Турнир 16 жашка чейинки спортчулар арасында өттү. Бул тууралуу Instagram баракчасында аталган спорттун федерациясы билдирди.

 Ал 52 килограммга чейинки салмак категориясында Кытайдын Тайбэй, Түркмөнстандын жана Япониянын өкүлдөрү менен күч сынашкан.

Финалда Амантур Жумаев казакстандык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти.

Кечээ дагы эки кыргызстандык спортчу Арваз Ахмад (63 килограммга чейин) жана Дилербек Садиров (57 килограммга чейин) алтын үчүн күрөшкөн. Тилекке каршы, экөө тең утулуп, күмүш медаль тагынышты.

Ал эми Рамазан Исаев (66 килограммга чейин) коло байгеге ээ болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума