20:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия транспорт коридорун түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспий деңизинен өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү меморандумга 1-ноябрда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт форумунун аягында кол коюлду.

«Түштүк коридор» деп аталган жаңы маршрут Орусиядан Каспий деңизи, Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өтөт. Маалыматка караганда, жаңы жол Кыргызстанга Европа жана Орусияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.

Июнь айынын ортосунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз тарап «Түштүк коридорду» ар тараптан изилдеп, анын финансылык жактан ыңгайлуу экенин аныктаганын билдирген. Ал айрым инфратүзүмдүк кыйынчылыктарга карабай, маршруттун келечеги ачык экенин белгилеген.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын Казакстан менен чек арасында оор машиналардын тыгыны көп болууда. Айрым депутаттар бул көрүнүштү казак тараптын тоскоолдугуна байланыштырган.

Быйыл августта Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев бул көйгөй туруктуу болуп калганын айткан.

Алсак, 30-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335ке жеткенин «Азаттыкка» Чек ара кызматы билдирген. Ошол эле маалда жүк ташууда эч кандай чектөө болбогону, бул мезгилде айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар көп болору белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар