16:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Матраимов өз үй-бүлөсү тууралуу Ташиевдин айтканын четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2-ноябрдагы билдирүүсү тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

«Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес», — деди ал.

Мунун алдында Ташиев билдирүү жасап, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду «мафия» деп атаган.

«Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей гана «Матиз» машинасын минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же биздин ички саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек», — деген ал.

Ташиев учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалаган.

Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин айткан эмес.

4-октябрдагы атайын операцияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

2021-жылы УКМК Матраимов бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, сот ага 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы «Азаттык» радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана «Клооп» менен бирге жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго санкция салган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума