Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамык менен ооругандардын саны көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып баратканын билдирди.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3 миң 289 адам кызамык оорусуна чалдыккан. Алардын көбү 4 жашка чейинки балдар.
«Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери орто мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердеги окуучулардын, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда.
Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүп, билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында эки жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарындагы мамлекеттик бала бакчада бир учур катталган.
Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектеп карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык формага өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда. Бул вирус эң активдүү тараган Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында. Жалал-Абад облусунда кызамык оорсунун көбөйүшүнө байланыштуу кошумча эмдөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланыш түзгөн бардык курактагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө.
Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95 пайыздан жогору болушу керек. Бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн өттү, бул 76 пайызды түзөт.
Министрлик балдарды өз убагында эмдөөгө чакырды. Бул балдар топторундагы ооруларды алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору.