11:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сауд Арабиянын дарыгерлери Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасашат

Сауд Арабиянын дарыгерлери Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоону пландоодо. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин падышалыктын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин ради Аль-Ради менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору ноябрь айында Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтапка операция жасалары күтүлүүдө. 

Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келет. Алар 500 миң доллардан ашык каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары маалымдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар