01:03
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстанда 2,8 миңге жакын адам медициналык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзөт

Кыргызстанда 2,8 миңге жакын юридикалык жана жеке жактар мыйзамсыз (лицензиясыз) медициналык ишмердүүлүк жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чыңгыз Айдарбеков менен биргеликте жеке медициналык клиникалар менен кабинеттерди текшерди. Алардын ичинен бирөөсүнүн дагы медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты.

Алымкадыр Бейшеналиев республикада мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүккө байланыштуу абал кооптуу экенин белгиледи.

«Жеке клиникаларда лицензиялардын жоктугу биздин жарандарыбыздын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Биз бейтаптардын сертификацияланбаган кызматтардын айынан жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелчилигине дуушар болушуна жол бере албайбыз. Депутаттардын жардамы жана тиешелүү мыйзамды чыгаруу бул көйгөйдү чечип жана өлкөдөгү медициналык ишмердүүлүктүн үстүнөн көзөмөлдөөнү күчөтө алат», — деп айтты министр.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандардан лицензиясы бар жеке медициналык клиникаларга гана кайрылууну өтүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар