Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну эскертти.
Кыргызстанда 31-октябрда эртең менен жана түштөн кийин жана 1-2-ноябрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6, айрым жерлерде −2, күндүз +12 градус болушу күтүлөт;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6, айрым жерлерде −3, күндүз +11 градуска чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7, күндүз +19, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн −3 градуска чейин түшүшү мүмкүн.
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6, айрым жерлерде -2, күндүз +11;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында −5, күндүз +11 жылуу болушу күтүлөт;
- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −8, күндүз +6 градус;
- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −14, күндүз −5 градус суук болушу күтүлөт.
«Туруксуз аба ырайы автоунаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай интенсивдүүлүктөгү үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, казылган жана жабылбаган картошка үчүн кооптуу. Чоң-Ашуу, Сөөк, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Долон ашууларына тайгаланууга каршы инерттүү материалдар жеткирилүүдө. Жолдорду кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен чачуу үчүн атайын техника оңдолуп жатат», — деп билдиришти мекемеден.