19:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

KOICA Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жабдууларды өткөрүп берди

Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (KOICA) Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жабдууларды өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 56 миллион 67 миң сомдук жабдуу Кыргызстандын COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында сатылып алынган. Ал өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарына берилди.

Жалпысынан жети стационардык санариптик рентген аппараты, алты стационардык УЗИ аппараты жана бир офтальмологиялык лазер сатылып алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар