01:23
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

УКМК: Сапар Исаковго Камчы Көлбаев тарабынан берилген брондолгон унаа алынды

Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаковго Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу, брондолгон унаа алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Камчы Көлбаевдин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча жасалган иш-чараларынын жүрүшүндө М. Рамонов аттуу жаран кармалды.

М. Рамонов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц S600» брондолгон унаасын экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген.

УКМК маалымдагандай, 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук «Ала-Тоо» аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон

Эң көп окулган жаңылыктар