01:26
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Байтик Баатыр көчөсүндө коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке иштей баштады

Байтик Баатыр көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин коомдук транспортко бөлүнгөн тилкени киргизүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык тиешелүү сызыктар түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду.

 Белгиленген тилке боюнча 7:00 дөн 21:00 гө чейин башка унааларга жүрүүгө тыюу салган белгилер да орнотулду.

Мэрия 24.kg агенттигине коомдук тарнспортко бөлүнгөн тилке иштей баштаганын тастыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар