06:40
USD 86.50
EUR 91.18
RUB 0.86

УКМК: Камчы Көлбаевдин каражатына алынган 15 баш асыл тукум жылкылар аныкталды

Камчы Көлбаевдин каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык алардын жалпы суммасы мекемелер аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 миллион 790 миң сомду түзөт.

Алардын тизмеси:

  • Беш кашка англис таза кандуу айгыры, баасы 44 миллион сом.
  • Командор англис таза кадуу айгыры, баасы 26 миллион 400 миң сом.
  • Раушан англис таза кандуу айгыры, баасы 2 миллион 200 миң сом.
  • Дончак донск-англис айгыры, баасы 300 миң сом.
  • Кундуз англис бээси, баасы 900 миң сом.
  • Хан сулуу англис бээси, баасы 900 миң сом.
  • Острый аталышындагы чабылган аты, баасы 140 миң сом.
  • Рошал аттуу англис бээси, баасы 150 миң сом.
  • Ай-Чолпон аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 миң сом.
  • Ак Бермет аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 миң сом.
  • 11. Көк-Серек аталышындагы бээ, баасы 100 миң сом.
  • Көк-Жал жарым тукум айгыры, баасы 60 миң сом.
  • Бактөр породасындагы минген аргымагы, баасы 704 миң сом.
  • Бай Тору аталышындагы бээ, баасы 440 миң сом.
  • Эркиндик англис айгыры, баасы 2 миллион 700 миң сом.

«Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Буга чейин УКМК Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 миллиард долларды түзөрүн билдирген.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар