USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөсүндө коомдук транспорт үчүн жол тилкеси бөлүндү

11:21, 23 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мэриясы Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөсүндө коомдук транспорт үчүн жол тилкесин бөлүп, аны иретке келтирип жатат. Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов 24.kg агенттигине ал качан ишке кирерин айтып берди.

Анын айтымында, сызык толук чийилип бүтө элек. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү калды.

«Аба ырайы жакшы болгондо иштер улантылат. Биз тиешелүү жол белгилерине буйрутма берип койдук. Алар коюлгандан кийин жол тилкеси иштей баштайт. Биз бул же кийинки жума деп пландаштырып жатабыз», — деди Максатбек Сазыкулов.

Анын айтымында, Жибек-Жолу проспектиси менен Ахунбаев көчөсүндө дагы коомдук транспорт үчүн тилке бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика