УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Камчыбек Ташиев Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колуна ок тийип, сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашайт.
Эске салсак, былтыр 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 206 адам жабыркап, 63 адам каза болгон.