00:59
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бул жылы Азербайжанга барган кыргызстандык туристтердин саны 3 миң 841ди түздү

2023-жылдын январь — сентябрь айларында Азербайжанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 95 миң 871 турист барган, бул көрсөткүч 29, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,87 пайызга көп деп билдирди Trend басылмасы.

Азербайжандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык Казакстандан барган туристтердин саны 42 миң 124 адамды (жыл ичиндеги өсүш 88,28 пайыз), Өзбекстандан 27 миң 976 (жыл ичиндеги өсүш 59,16 пайыз), Түркмөнстандан 18 миң 494 (жыл ичиндеги өсүш 2,87 эсе), Кыргызстандан 3 миң 841 (жыл ичиндеги өсүш 77,74 пайыз), Тажикстандан 3 миң 436 (жыл ичиндеги өсүш 86,94 пайыз) адамды түздү.

Отчеттук мезгилде Азербайжанга жалпысынан 1 миллион 536 миң 375 турист барганы (32,11 пайызга өскөн) белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар