06:14
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти декабрга чейин камакка алынды

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелип кармалган Ахрор Иминов 4-декабрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топ түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

УКМКнын маалыматына караганда, күрөш федерациясынын вице-президенти жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун жалпы кассасы үчүн (жалпы кирешеден болжол менен 30 пайыз) каражат чогултууга катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар