19:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия менен абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын жана Россиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 11-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документ аталган макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткарууга багытталган. Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында бириккен региондук системасын түзүшүүдө, ал КМШга мүчө мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

«Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү — эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат. Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар