04:44
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчисинин уулу камакка алынды

Качкын президент Курманбек Бакиевдин мурдагы иш башкаруучусу Курманбек Темирбаевдин уулу эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Камакка алынган Арстанбек Темирбаев кылмыштуу топтун курамында кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айыпталууда ( Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту). Ал  6-декабрга чейин камалды.

Эскерте кетсек, Курманбек Темирбаев Медет Садыркуловдун ордуна качкын президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар