22:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Баткенде Тажикстандан келген эки этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Баткенде Тажикстандан келген эки этникалык кыргыз кайрылман статусун алышты. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, эми алардын Кыргызстандын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, акысыз медициналык кызмат жана жөлөкпул алуу үчүн шарттар түзүлдү.

Баткен шаарынын мэриясы
Фото Баткен шаарынын мэриясы

Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата кайрылман макамын алуу өтүнүчү менен 10 адам кайрылган.

Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын тогуз айында 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган.

Эң көп окулган жаңылыктар