13:21
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Нью-Йорк соту Трампты алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты

Нью-Йорк соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жана анын үй-бүлөсүн алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты. Экс-президент өз активдеринин баасын мыйзамсыз көбөйткөн деп айыпталган.

Тиешелүү токтомду нью-йорктук судья Артур Энгорон чыгарганын Reuters агенттиги жазды.

Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Жеймс экс-президентти алдамчылыкка айыптап, ага каршы 2022-жылы сентябрда доо арыз менен кайрылган. Ага ылайык, Тармп насыя жана камсыздандыруу кызматтарын алууда банктык жеңилдетүүлөрдү колдонуу укугуна ээ болуу үчүн негизги компаниясы эсептелген The Trump Organization’дун активдеринин бааларын он жыл бою туура эмес көрсөтүп келген.

26-сентябрда чыккан сот өкүмү акыры эмес жана прокурордун жарандык доосу боюнча отурумдар 2-октябрдан тарта кайра уланат.

Буга чейин Дональд Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, 2021-жылы Капитолийге чабуул коюуга алып келген кутумга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар