11:58
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Согди жана Баткенде чек ара тууралуу кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырышты

Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тажик аймагынын төрагасынын басма сөз кызматына таянуу менен ТАСС агенттиги билдирди.

«Тараптар чек ара тууралуу кескин сөздөрдү айтуудан алыс болууну макулдашып, жарандарды интернеттеги текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакырышты. Акыркы күндөрү маалымат каражаттарына жарыяланган тажик-кыргыз чек арасына байланыштуу материалдар социалдык тармактарда талаш-тартыш жаратты. Тараптардын тажик-кыргыз чек арасына байланыштуу маселелерди туура эмес баалоодон кармануусу зарыл экендиги белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматы билдиргендей, эки тарап «тургундар кызыкдар адамдар тарабынан провокация болушу мүмкүн болгон такталбаган, расмий эмес маалыматтарга ишенбеши керек» деп белгилеп, бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты. Ошондой эле Раджабба Ахмадзода жана Абдикарим Алимбаев пайда болгон маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилиши керектигин билдиришти.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга карата аймактык дооматтардан баш тартууга чакырган. Видео социалдык тармактарга жарыяланган. Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар