Кечээ Бишкекте футбол боюнча АФК кубогунун тайпалык этабынын биринчи турундагы беттеш болду.
Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.
«Абдыш-Ата» (Кант) клубу түркмөнстандык «Алтын Асыр» командасын 3:0 эсебинде утту.
Голду Кайрат Жыргалбек уулу, Магомед Узденов, Эрнист Батырканов киргизди.
Учурда Кыргысзтандын командасы үч упай менен Е тобунун турнирдик таблицасынын башында турат. Турнирдин кийинки этабына топтун жеңүүчүсү гана чыгат.
Экинчи турда 5-октябрда «Абдыш-Ата » " Мерва " (Түркмөнстан) менен беттешет.