00:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чолпон-Атада сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду суу каптады

Чолпон-Ата жана ага жакын жайгашкан бир нече айылдарды сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 20-сентябрда нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунда сел жүрдү. Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун суу каптады.

Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар