13:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Түркиянын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров Нью-Йоркто Түркиянын президенти менен жолугушту

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесине токтолушту. Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыган күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашат жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди белгилешет.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар