УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын кол салуусу учурунда жаракат алган ефрейтор Дастан Шариповго Бишкектеги үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Дастан Шарипов кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда минометтун жарылышынан оң бутунан жаракат алып, сол буту күйгөн. Чек арачы уулун тарбиялап, ата-энеси менен жашайт.
Атайын кызматтын төрагасы Дастан Шариповдун ата-энесине көрсткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, июнь айында депутат Камила Талиева чек арадагы чыр-чатак учурунда жаракат алган ефрейтор Дастан Шарипов майыптыгын каттай албай жатканын билдирген.
Эске салсак, былтыр 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга басып киргенде 206 адам жабыркап, 63 адам каза болгон.