Чек арада каза болгон аскер кызматкери Махаматжан Мапаевдин ысмы Баткен шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук администрация билдиришти.
Махаматжан Мапаев 2022-жылы 16-сентябрда Тажикстандын кол салуусунда каза болгон. 42 жаштагы аскер кызматкеринин артында төрт баласы калды.