19:10
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Өзбекстанда көп аялдуулук маселеси кызуу талкуу жаратууда

Өзбекстанда блогер жана юстиция кеңешчиси Шахноза Соатованын көп аял алууну агрессивдүү пропагандалоо күчөгөнү тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүсү кызуу талкуу жаратты.

«...Светтик өлкө болгондуктан, биз моногамияны социалдык норма катары кабыл алып, Кылмыш-жаза кодексинде көп аял алууну кылмыш катары аныктадык. Бирок азыр болуп жаткан агрессивдүү пропагандага баары, өзгөчө жооптуу кишилер үн катпай отурушат. Кайсы каналды күйгүзбө, бардык жерде көп аял алуу тууралуу сериалдар көрсөтүлүүдө. Инстаграм менен Youtube да бул темага толгон», — деп жазды Шахноза Соатова Фейсбук баракчасына.

Автор азыркы кырдаалды «өлкө Конституциясында аныкталган системага жана багытка каршы үгүт» деп атады.

«Көп аял алуунун негизги коркунучтарынын бири — коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарынын бузулушу. Бул үй-бүлөгө каршы кылмыш болуп саналат. Ошондуктан аны пропагандалоонун жоопкерчилигин аныктоо зарыл. Мыйзамга каршы үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарга эмне үчүн чара көрүшпөйт? Анткени биздин Конституцияда Өзбекстан светтик мамлекет деп жазылган», — деген Соатова.

Анын көп аял алууну жайылтууну чектөө чакырыгы социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Диний класс муну дин эркиндигине тыюу салуу аракети катары кабыл алууда.

Юрист Дилшодбек Ташпулатов «көп аял алуу светтик мамлекеттин принциптерине каршы келбейт» деп эсептейт.

«Светтик жана укуктук коомдо көп аял алууга жол берилбейби? Кесе айтууга болбойт. Юрист катары айта кетейин: эгерде эркек бир чатырдын астында эки же андан көп аял алып жашаса, анда бул учурда жоопкерчилик каралган. Ал эми эки же андан көп аял менен өз-өзүнчө жашаса, анда бул үчүн эч кандай жоопкерчилик болбойт. Ошондуктан эки же андан көп аял менен өзүнчө үйлөрдө жашоого тыюу салынбайт. Адам мыйзамда тыюу салынбаган нерсени жасай алат, бул үчүн эч кандай жоопкерчилик болбойт», — деп жазды юрист.

Анткен менен активисттер светтик принциптерге карама-каршы келген пропаганда үчүн жоопкерчиликти күчөтө турган мезгил келди деп эсептешет.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги «Көп аялдуулук» беренесине ылайык, эки же андан көп аял менен бирге жашоо үчүн айыппул салуу, үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу, үч жылга чейин эркиндигин чектөө же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар