11:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

БШК фейктер менен күрөшүү үчүн Facebook тармагына кайрылды

БШК талапкерлердин шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгын камсыздоо жана саясий фейк маалыматтардын алдын алуу үчүн Facebook социалдык тармагына кайрылды.

Мекеме тармактагы агитациялык материалдарды аныктоого, аларды таратып жаткан аккаунттарды текшерүүгө жардам сурады. Facebook компаниясына талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн тизмеси орус тилинде жана латын транскрипциясы менен берилди.

Ошондой эле, БШКнын жумушчу топтору интернеттеги саясий жарнамаларды мониторинг кылып, Facebook жана Instagram тармактарындагы жарнамалар шайлоо фондунан гана төлөнүшү керектигин эскертишти.

Мындан тышкары, интернетке жайгаштырылган агитациялык билдирүүлөр шайлоо жөнүндө мыйзамдын негизинде болушу керек.

Бишкектин Ленин райондук бир манданттуу аймагы боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Буга чейин, БШК бул округда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Анда Дамира Ниязалиева 35, 86 ппайыз добуш алган.

Эң көп окулган жаңылыктар