USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жыйыны өттү

09:25, 22 августа 2023, Бишкек - 24.kg

13-августтан 19-августка чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле, демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

«Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду», — дейт мекеме.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика