Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева жакында Өзбекстандын президентинин биринчи жардамчысы болуп дайындалат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу өзбек өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, бул Өзбекстан президентинин жаңыланган администрациясындагы эң жогорку кызмат болот.
Ошентип, 38 жаштагы Саида Мирзиёева атасы Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы болуп калат.
Жаңы түзүлгөн департаменттин башчысы болуп президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген Комил Алламжонов дайындалат. Бул кызмат Алламжоновду администрациядагы үчүнчү жооптуу адам кылат.
Саида Мирзиёева менен Комил Алламжоновдун жаңы кызматтарга дайындалары расмий түрдө айтыла элек.
Буга чейин президенттик аппараттын жетекчиси Сардор Умурзаков кызматтан алынган.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы өлкө башчынын жарлыгы менен президенттик аппараттын жетекчисинин кызматы жоюлганын билдирген. Сардор Умурзаков президенттин өзгөчө иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
Өзбекстанда бийлик вертикалындагы акыркы өзгөрүүлөр президенттин тун кызы Саида Мирзиёеванын статусунун жогорулаганын билдирет.
Саида Мирзиёеванын атасынын администрациясындагы жогорку кызматка дайындалышы «Озодликтин» Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин тушундагы тууганчылык боюнча иликтөөсү жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин болду.
Иликтөө көрсөткөндөй, Мирзиёев бийликке келгенден кийин 20дан ашык жакынын өлкөнүн өкмөтүндөгү жогорку кызматтарга дайындаган.