06:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдөгү пансионаттын тегереги таштандыга толуп калган

Ысык-Көл облусундагы «Акун» пасионатынын аймагы таштандыларга толуп калган. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБсинин пресс кызматы билдирди.

Эс алуучу жайдын администрациясы аймактагы курорттук-рекреациалык объектилерди иштетүү эрежесинин бузушкан.

Аталган иш боюнча материалдар укук бузуулар Кодексинин 114-беренесине («Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо») ылайык жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, мыйзам боюнча жеке жактарга 3 миң сом (30 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом (130 эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө айып пул салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар