Ысык-Көл облусундагы «Акун» пасионатынын аймагы таштандыларга толуп калган. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБсинин пресс кызматы билдирди.
Эс алуучу жайдын администрациясы аймактагы курорттук-рекреациалык объектилерди иштетүү эрежесинин бузушкан.
Аталган иш боюнча материалдар укук бузуулар Кодексинин 114-беренесине («Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо») ылайык жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, мыйзам боюнча жеке жактарга 3 миң сом (30 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом (130 эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө айып пул салынат.