Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты азайтуу министрлиги өлкөнүн аймактарындагы жакырчылыктын деңгээли боюнча маалыматтарды жарыялады.
Анда өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли эң жогору аймак катары Каракалпакстан (19,7%) көрсөтүлгөн. Андан кийинки орундарга Сырдарыя (19,5%) жана Хорезм (19,1%) облустары жайгашкан. Эң төмөнкү көрсөткүч Ташкент шаары (8,5%) менен Навои облусунда (9,2%) катталган.
Быйылкы жылдын январь-июнь айларында топтолгон маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 1 миллион 307,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 14,1% түзөт (былтыр 17% болчу).
«Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 12% түшүрүү же 130 миң үй-бүлөнү (1 миллион киши) жакырчылыктан чыгаруу пландалууда», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Быйыл январда Өзбекстандагы 208 шаар жана район ишкерлик үчүн түзүлгөн шарттар боюнча беш категорияга бөлүнгөн. Ага жараша ишканалардан салык алуунун дифференциалдык тартиби киргизилип, субсидиялар берилери кабарланган.