10:10
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Төө-Ашуу тоннели 26-июлдан баштап 10 саатка жабылат

Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин жол кыймылына 10 сааттык чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сосновка өткөрүү пунктунан келе жаткан жүк ташуучу машиналар саат түнкү 3-4 аралыгында өткөрүлбөйт. А эми жеңил машиналар үчүн таңкы 6дан күндүзгү саат 4кө чейин чектөө киргизилди.

Бишкекке көздөй бараткан машиналар болсо жогоруда көрсөтүлгөн убактарда Бишкек-Ош жолунун 144-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) токтотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар