11:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстан жашоочулары электр энергиясынын чектелишине нааразы

Тажикстандын түндүгүндө жарык үзгүлтүккө учурап жатканы боюнча даттануулар көбөйүүдө. Бул аймактарда электр энергиясына чектөө киргизилгенин эч ким расмий түрдө жарыялабаса да, жашоочулар жарык суткасына бир нече саатка өчүрүлүп жатканын айтышууда.

Электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн өзгөчө соодагерлер ири зыянга учурашууда. Дээрлик бардык дүкөндөрдө муздаткычтар жана башка муздатуучу жабдуулар бар. Жайкы чектөө алардын ишине терс таасирин тийгизүүдө.

Согд облусуна караштуу Канибадам районундагы ишкерлердин бири Юлчи Умаров ысыкта электр энергиясы өчкөндө колбасалары бузулуп, балмуздактары ээрип кетип жатканын айтты.

«Мен аларды жеткирүүчүлөргө да кайтарып бере албайм. Бул азыктардын баары муздаткычта сакталышы керек. Эми балмуздак сатып ала албай калдык. Бул чектөөлөр бизнесимди аксатты. Сапатсыз товарды эч ким сатып албайт, менин соодам болбой калды», — деди ал.

Райондун башка бир тургуну Хакимбой Юлдошевдун айтымында, электр энергиясы улам өчүп, айылды камсыздаган суу насосу үч айда эки жолу бузулган. Ар оңдоо үчүн элден улам акча чогултушууда.

Канибадам районунун электр тармактар башкармалыгынын кызматкерлери бул жагдай боюнча расмий түшүндүрмө берүүдөн баш тартышып, оозеки сүйлөшүүдө электр жарыгынын өчүрүлүшүнө аба ырайынын кескин ысышы, электр тармактарын оңдоп-түзөө иштери, ошондой эле «жогорудан келген көрсөтмөлөр» себеп болуп жатканын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар