18:01
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

ТИМ Европарламент кабыл алган резолюция боюнча өкүнүчүн билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европарламент 13-июлда кабыл алган резолюцияга өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу ТИМ тараткан билдирүүдө айтылат.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө «Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет» — деп жазылган.

Ошондой эле резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабаганы белгиленет.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун — «Жалпыга маалымдоо каражаттары», «Бейөкмөт уюмдар», «Чет өлкөлүк өкүл» жана «Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

Мындан тышкары «Азаттык» радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин бузулушу катары айыптаган.

Министрликтин билдирүүсүндө «Азаттык Медиасынын» айланасындагы маселе сот аркылуу чечилгенин жана резолюцияда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору талкуу этабында гана экени белгиленген.

Дипломатиялык мекеме сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын, Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө үчүн ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантып жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар