06:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга $46 миллион бөлөт

Дүйнөлүк банк энергетикалык тармакта зыяндуу заттардын абага жайылуусун азайтуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн Өзбекстанга 46,2 миллион доллар өлчөмүндө грант берет.

Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул грант өзбек өкмөтүнө зыяндуу газдардын атмосферага чыгуусун азайтууга, энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана эл аралык көмүртек базарына чыгууга жардам берет.

«Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — Өзбекстанга тонна менен эсептелген CO2-эквивалентиндеги парник газдарын азайтууга жана аларды эл аралык көмүртек базарында сатууга мүмкүндүк түзүп берүү. Бул өлкөгө көмүртек базарынын механизмдерин ача турган Борбор Азиядагы алгачкы эл аралык демилге болуп эсептелет», — деп жазылган банктын билдирүүсүндө.

Божомолдорго ылайык, долбоор ишке ашырыла турган мезгил аралыгында Өзбекстан 60 миллион тоннага жакын көмүр кычкыл газынын абага таралуусун алдын алат. Долбоордун алкагында мамлекеттен 2-2,5 миллион тонна көмүр кычкыл газ сатылып алынат. Калганын Өзбекстан долбоордун алкагында түзүлгөн системалар жана механизмдерди колдонуу менен эл аралык көмүр кычкыл газынын базарында сата алат.

Эң көп окулган жаңылыктар