06:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Режиссер Руслан Акун жаңы тасманы тартууга киришти

Белгилүү кинорежиссер Руслан Акун «Салам, Европа» аттуу жаңы тасманы тартууга киришти.

Башкы ролду актриса Айтурган Темирова жана Казакстандын маданият кызматкери Бауржан Каптагай аткарат.

Бул тасмага тартылуу үчүн Айтурган Темирова атайын Чехиядан КРга келди. Ал акыркы 25 жылдан бери киного тартыла элек болчу. Актриса, Руслан Акундун буга чейинки тасмаларын баалап жана сунуштаган сценарий жаккандыктан тартылууга макул болду.

Маалыматка караганда, «Салам, Европа» тасмасында чоң апа менен чоң ата небересинин артынан Европага барышат.

Тасма октябрда көрсөтүлөт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар