USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Казакстанда коронавирус боюнча үч айлык божомол айтылды

15:05, 26 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясына байланыштуу үч айлык божомолун жаңылады.

Оптимисттик сценарий боюнча ноябрь айында күнүнө орто эсеп менен 1,5 миң бейтап катталат, реалдуу сценарий боюнча 1650, пессимисттик эсеп боюнча 1800 киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Декабрь айында көрсөткүчтөр 1100, 1600 жана 2350гө чейин өзгөрүшү ыктымал. Январда болсо 650, 1500 жана 3000 бейтап катталышы болжолдонууда.

Соңку күндөрү өлкөдө бир суткада илдет жуктурган 1300-1500 учур катталууда. Июль-август айларында 7000ден ашуун киши коронавирус жуктуруп алып жаткан.

Азыр коронавируска кабылгандар азайганы менен өлүм көрсөтүчү али да жогору. Бир күндө ондогон киши кайтыш болууда. Эки күн мурун Казакстанда коронаврус жана пневмониядан 42 адам көз жумган.

Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмонияга кабылган адамдардын саны бир миллиондон ашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика