01:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Орусияга мигрант жөнөтүүдө Өзбекстан биринчи орунга чыкты

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстандан Орусияга 630 миң 859 эмгек мигранты кирген. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын статистикасына таянуу менен «Ведомости» басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, 2023-жылдын алгачкы үч айында Орусияга жалпысынан 1 миллион 300 миң эмгек мигранты кирген. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.

Орусияга мигрант жөнөтүүдө Өзбекстан биринчи, Тажикстан (350 миң киши) экинчи, Кыргызстан (173 миң киши) үчүнчү орунда турат.

Бул арада январь-март айларында Армениядан 47 миң 337, Казакстандан 34 миң 783 мигрант Орусияга иш издеп барган.

Басылма каттоосуз иштеп жүргөндөрдүн саны алда канча көп болушу ыктымал экенин белгиледи.

Соңку кездери Орусиядагы борбор азиялыктарды Украинадагы согушка же фронтко жакын аймактарда окоп казууга азгыруу учурлары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар