02:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун жаңы түрүнөн кооптонууда

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун жаңы түрүнөн кооптонууда. Бул тууралуу «БУУнун жаңылыктары» билдирет.

Уюмдун Европадагы өкүлчүлүгү коронавирустун Англиядагы жаңы түрүнүн пайда болгондугуна байланыштуу бул аймактагы өлкөлөрдү этияттыкка чакырды. «Британиядагы штамм (түрү)» — бул алгачкы карлыгач экендеги белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустук бир нече жаңы түрлөрү пайда болушу ыктымалдыгынан кооптонууда.

Улуу Британияда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү аныкталып, тарап жатканын билдирген. Буга байланыштуу Европа жана башка аймактардагы ондогон өлкө бул мамлекет менен каттамдарга чектөө киргизген. Британ саламаттык сактоо мекемеси жаңы штамм мурдагыга караганда 70 пайызы жугуштуу деген божомолун айткан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму убакыт өткөн сайын COVID-19дун мутацияланган жаңы түрлөрү пайда болушу ыктымалдыгын айтууда.

Мындан улам адистер вирустун ар бир жаңы белгилерин иликтеп, так аныктоого чакырат. Алардын пикиринде, эмдөө гана жаңы түрлөрдүн пайда болушуна жолтоо болот.

Эң көп окулган жаңылыктар