USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Өзбекстан октябрдан тарта Орусиядан газ сатып алат

09:26, 20 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан 2023-жылдын 1-октябрынан тарта Орусиядан суткасына тогуз миллион кубометрден газ сатып ала баштайт. Импорттун жылдык көлөмү болжол менен 2,8 миллиард кубометрди түзөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

16-октябрда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллер эки жылдык мөөнөткө газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Түзүлгөн келишимдин чоо-жайы азыр гана белгилүү болду. Бирок анын суммасы айтыла элек. Энергетика министрлиги газдын баасы аймактагы базар баасына, ошондой эле Өзбекстандагы газдын баасына ылайык макулдашыла турганын билдирди.

Макулдашуудан тышкары 22 чакырым жаңы магистралдык газ түтүктөрүн курууну, 56 чакырым газ түтүктөрүн оңдоону камтыган жол картасына кол коюлду.

Былтыр ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда газ биримдигин түзүүнү сунуштаганын айткан. Мындан соң Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов орус газын Казакстан аркылуу жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул альянс эмес, «техникалык келишим» болорун билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика