10:18
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Жол кырсыгы. № 132-каттамдын жети жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди

Чыңгыз Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгында 8 киши жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ыкчам медициналык кызмат борборунун директору Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгына кабылган № 132-маршрутканын 8 жүргүнчүсү ар кандай жаракат алган. Анын жетөө ооруканага жеткирилди. Оор жаракат алгандар жок.

Күбөлөрдүн айтымында, кичи автобустун айдоочусу рулду башкарып бара жатып, эс-учун жоготкон. Унаа жол жегиндеги жармана үкөгүн сүзүп токтогон.

Эң көп окулган жаңылыктар