Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна «тышкы агрессия» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
«Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл», — деди Жээнбек Кулубаев.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтүп жатат. Жыйында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары боюнча маселе каралууда.
Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек экенин айтты.
2021-2022-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп эки тараптан тең ондогон адам каза болгон.