18:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанга жалпы 321 миллион доллар тышкы жардам көрсөтүлгөн

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 321 миллион доллар тышкы жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу бирифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады.

Жалпысынан 627 миллион доллар жардам алуу тууралуу келишим түзүлгөн. Анын ичинен жакынкы аралыкта 305 миллион доллар которулуусу күтүлүүдө.

«Алгач сүйлөшүү жүргүзүлөт, андан соң алына турчу суммага келишим түзүлөт. Донор өкмөттүн мыйзамга ылайык ратификациялоо жана тастыктоо чечими менен кабыл алынат. Андан кийин гана каражат которулат», — дейт Эркин Асрандиев.

Аны менен катар, келишим түзүлгөн каражаттын 26 пайызы, башкача айтканда 166 долларын гранттар түзөт. Калган 461 доллары 0,7 пайыздан 1,5 пайызга чейинки жеңилдетилген шартта келишим түзүлгөн.

«Кыргызстанга которулган каражаттардын 173 миллион доллары чыгашаланды, ал эми 148 доллар Улуттук банктын казынасында сакталууда», — дейт вице-премьер.

Эң көп окулган жаңылыктар