Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка караганда, зыяратчыларды жеткирүү үчүн 10 рейс аткарылат. Анын 7 рейси Ош эл аралык аэропортунан жүзөгө ашырылат.
Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.
Белгилей кетсек, САП 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 АКШ долларын түзгөн.