Бишкектеги суу жок жаңы конуштардын тургундарынын сууга төлөмдөрү кайра эсептелет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында айтылды.
Депутат Русланбек Жакышов жарандар сууга акыны үзбөй төлөп жатканын айтып, ал каражаттын каякка жумшалып жатканына кызыкты.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айда чечелерин белгиледи.
«Суу жок райондордун тургундарынын төлөмдөрү кайра эсептелет», — деди ал.

